МФКнын окутуучулары адистикти жогорулатуу курсунан өтүштү
https://imu.edu.kg/assets/images/emu/Screenshot_29.png
Медициналык-фармацевтикалык колледждин окутуучулары КР Агартуу министрлигине караштуу Республикалык илимий-усулдук борбор тарабынан уюштурулган «Билим берүүдөгү менеджменттин заманбап технологиялары» багыты боюнча адистикти жогорулатуу курсун ийгиликтүү аяп кайтып келишти.
Бул курстун алкагында окутуучулар:
- билим берүү процессин эффективдүү пландаштыруу жана башкаруу;
- санариптик билим берүү технологияларын колдонуу;
- сапат менеджментинин заманбап моделдери (ISO, TQM, PDCA);
- жаңы педагогикалык ыкмалар жана инновациялар;
- билим берүүдө долбоордук менеджменттин элементтерин колдонуу
сыяктуу актуалдуу багыттар боюнча теориялык жана практикалык көндүмдөргө ээ болушту.
Бул окуу колледждин билим сапатын жогорулатып, окутуу процессин заман талабына ылайык өркүндөтүүгө зор салым кошот.