"Оратордук чеберчилик медицина кызматкерлери үчүн маанилүүбү?" темасында МФКнын студенттери үчүн дебат уюштурулду

"Оратордук чеберчилик медицина кызматкерлери үчүн маанилүүбү?" темасында МФКнын студенттери үчүн дебат уюштурулду

Бүгүн, Мамлекеттик тил, социалдык маданий маселер жана тарбия иштери боюнча бөлүмдүн башчысы Асанов Бакыт Качкынбековичтин модераторлугу менен Медициналык - фармацевтикалык колледждин студенттери арасында дебат өттү.

Дебаттын максаты: оратордук чеберчилик менен күнүмдүк пикир алышууда ойду туура, так, максаттуу жеткирүүгө үйрөтүү болду. Алгачкы жолу уюштурулуп жаткандыгына карабай, дебатка көп студент катышып, коюлган темада абдан кызыктуу талкуу орун алды.

Бакыт Качкынбекович дебаттын жүрүшүндө: "Оратордук чеберчилик - медицина кызматерлери үчүн абдан маанилүү, анткени дарыгердин сүйлөө речи, сөз байлыгы өз ишмердүүлүгүндө- бейтаптар менен мамиледе ден-соолугуна өзгөчө таасир берет. Керек болсо күнүмдүк пикир алышуусунда да, карьералык өсүшүндө да зор роль ойнойт. Эл алдында сүйлөп, көңүл борборунда болууга сөздүн өзү эле жетишсиздик кылат. Сөздүн таасирин ого бетер күчөтө турган вербалдык эмес кыймыл-аракеттер болушу зарыл. Тулку-бойдун, баскан-тургандын, кол кыймылдардын, көз байланыштардын, үн ыргактарынын тууралыгын камтыган көп тараптуу системалуу эрежелер бар. Ойду ачык, так, түшүнүктүү, таасирдүү сүйлөп, сөздү кыштай кынаптап, сүйлөмдөрдү иреттеп маектешкен адам көп ийгиликтерге жетет", -деди. 

 Ал эми, дебатка катышкан студенттер өз ара пикир алышып, өздөрүн тааныштырып, ийгиликке жол ачуунун бирден - бир себеби- туура сүйлөө, өзүн-өзү өстүрүү экендигин белгилеп, ошондой эле көп тилди билүү, өз алдынча билим алуу зарылчылыгын, кесип тандоодо жана карьера түзүүдөгү мааниси айтышты.

Жыйынтыгында студенттер мындан ары жума сайын ар кандай темада дебаттарды уюштуруп турууну пландашты жана мыкты даярдык менен келе тургандыгын билдиришти.