Медициналык-фрмацевтикалык колледжде "Ачык эшик күнү": медицинанын келечегине карай

Токтогулдук мектеп окуучулары жана мугалимдер МФКда
Медициналык-фрмацевтикалык колледж Токтогул районунун (Жалал-Абад областы) абитуриенттери үчүн эшиктерин ачты. "Ачык эшиктер күнү" иретинде бүтүрүүчү класстардын окуучулары жана алардын медициналык-фрмацевтикалык колледждин инфраструктурасын, илимий базасын жана башка мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып кайтышты.
Илимге чумкуу: виварийден Пирогов столуна чейин
Экскурсия колледждин муляждык жана фантомдук кабинеттеринен башталды. Колледждин мугалимдер конокторго окутуунун алдыңкы ыкмалары, заманбап өзгөчөлүктөр туралуу баяндап беришип, фитолаборатория, дарыкана жана анатомиялык кабинеттерди көргөзүштү.
Андан соң морфология корпусу жана виварийге барышты. Коноктор клиникага чейинки изилдөөлөрдүн жүрүшү менен таанышып, ошондой эле жаныбарларга илимий операцияларды көрүштү. Заманбап лабораториялар жана жогорку технологиялуу жабдуулар окуучулардын кызыгуусун арттырды — алардын көбү медицинадагы илимий ишти ичнен биринчи жолу көрүштү.
Андан кийин топ окуу аудиторияларына жана илимий китепканага барып, адамдын денесин изилдөө үчүн 3D-технологияларды колдонгон Пироговдун анатомиялык столу менен таанышып чыгышты. Колледждин мугалимдери келечектеги врачтарды даярдоодо цифралык технологиялардын ролү жөнүндө баяндап беришти.
Кызматташтыктын перспективалары
Иш-чаранын соңунда коноктор жетекчилек менен жолугушуп, абитуриенттерди даярдоо, кесип таануу жана региондун билим берүү мекемелери менен кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү талкуулашты.
"Биз өзүбүз да студент кезибизде болгонбуз, бирок окуу процессинин ушундай деңгээлде уюштурулушун жана жабдылганын биринчи жолу көрүп жатабыз. Бул жерде алдыңкы адистерди даярдоо үчүн бардык шарттар түзүлгөн экен!" — деп мугалимдер таасирлери менен бөлүштү.
Медициналык-фрмацевтикалык колледж медицинанын заманбап билимдеринин борбору катары абройун чыңдап, жөндөмдүү жаштар үчүн дайыма иштеп келе жатат. Биздин эшиктери медицинанын келечегинин бир бөлүгү болгусу келгендер үчүн ар дайым ачык!